Жаңылыктар
Айт намаз учурунда коомдук тартипти 3 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Айт намаз учурунда коомдук тартипти 3 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Бишкек шаарында айт намаз учурунда коомдук тартипти үч миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөй турганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 12-сентябрда Кыргызстан боюнча Курман айт белгиленет. Бул күн өлкө аймагында эс алуу күнү деп жарыяланган. Борбор калаада айт намазы Эски аянтта саат 8.00дө окулат.

Андан сырткары, айт намазы учурунда бир нече көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет:

Чүй проспектиси — Тыныстановдон Панфиловго чейин; 

Абдымомунов көчөсү — Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин; 

Орозбеков көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин; 

Разаков көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабык болот.