Жаңылыктар
БШК Рыскелди Момбековду депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты
Шайлоо 2023
БШК Рыскелди Момбековду депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты. 

Мындай сунушту Боршайкомдун документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу берип, аны БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду. Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду. Бул маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком былтыр Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган. 

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген.