Жаңылыктар
БШК Орозайым Нарматованын мандатын чакыртып алды
Саясат
БШК Орозайым Нарматованын мандатын чакыртып алды

Жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алгандыгы аныкталган Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды. Дагы канча эл өкүлү, мамлекеттик кызматкер жасалма диплом алганы азырынча белгисиз. УКМК үч айдын ичинде бардык деңгээлдеги кызмат адамдарын, депутаттардын дипломдорун жана жарандыгын текшерип, коомчулукка маалымат берет. 

Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованын мандатын чакыртып алды. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы тууралуу УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Буга чейин билим берүү жана илим министрлигинин атайын коммисиясы түзүлүп, Орозайым Нарматовага дипломдун берилишинин мыйзамдуулугу текшерилген. Натыйжада Нарматова Москва бизнес колледжинин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча орто кесиптик билими тууралуу диплому менен 2013-жылы ЖАМУнун журналистика адистигине дароо 3-курска кабыл алынганы аныкталган. Адистер орто кесиптик билим менен 2-курстан баштап гана окууга болорун белгилешүүдө. Ошондой эле, Нарматова сессияны тапшыруу мезгилинде өлкө аймагында болгон эмес.