Жаңылыктар
Чаткалда көчкү басып калган эки кишинин сөөгү кар астынан табылды
Кырсык
 Чаткалда көчкү басып калган эки кишинин сөөгү кар астынан табылды

Чаткалда көчкү басып калган эки кишинин сөөгү кар астынан табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Расмий маалыматка караганда, 21-январда Чаткал районунун Жамгыр жана Мырзаш участкасында эки жаранды ири көлөмдөгү кар көчкү басып калган. Алар Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, алар "Вертекс Голд" ишканасынын 30 жана 31 жаштагы кызматкерлери экени такталды. 

Кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, министрликтин беш куткаруучусу, "Вертекс Голд" компаниясынын үч унаа жүктөгүчү, эки эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзгөн. Натыйжада, Токтогул районунун жана Бишкек шаарынын тургунун сөөгү 1,5 саат убакыттан кийин кар астынан табылган. Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда.