Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга жардам берүү пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Памирлик кыргыздарга жардам берүү пландалууда

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын баштады. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов борбор калаадагы баардык мечиттердин имамдарына бул иш боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. 

Маалыматтарга ылайык Памир кыргыздарына жардам берүүнү каалагандар акчалай, кийим-кече же болбосо тамак-аш түрүндө да жардам беришсе болот. Учурда ар бир мечитте түшүндүрүү иштери жүрүп, атайын комиссиялык топ элден келип түшкөн жардамдарды топтоп жатат.