Жаңылыктар
Багдадда соода борбордун жанындагы эки жардыруу болду
Дүйнө
Багдадда соода борбордун жанындагы эки жардыруу болду

Багдаддын соода борборунун жанындагы болгон эки жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобу моюндаганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Дагы 40 адамдын жарадар болгону айтылууда. Окуя Нефть министрлигинин жанындагы ири соода борборунун жанында болгон.

Жума күнү ичинде жардыруучу зат толтурулган унаа шаардын чыгышында жайгашкан Нефть министрлигинин жанындагы ири соода борборунун жанынан жарылса, дагы бир жардыруу дүкөндүн унаа токтотуучу жайында ишке ашкан. 

Медициналык кызмат менен полициянын маалыматы боюнча жардыруудан 12 киши каза болуп, дагы 40 адам ар кандай жаракат алган. 

Эскерте кетсек, Иракта республиканын бир бөлүгүн ээлеп алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан улам оор абал өкүм сүрүүдө.