Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул жолугушуу Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик органдарында төрагалык кылууну кабыл алгандан кийинки алгачкы жыйын болуп саналат.
ЕЭК Кеңешинин Төрагасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы – Президент Садыр Жапаровдун ЕАЭБге мүчө-мамлекет башчыларына кайрылуусунда айтылган республиканын төрагалык кылуу жылындагы негизги багыттарын жана демилгелерин белгиледи. Буга байланыштуу ал мамлекет башчынын сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу өтүнүчү менен Коллегиянын Төрагасы Михаил Мясниковичке кайрылды. Кеңештин отурумунда 30 маселе каралды. Кеңеш Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна Евразия экономикалык бирлик аймагында ташууларга көз салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө маселени киргизүү чечимин кабыл алды. Макулдашууну колдонуу Биримдиктин ички чек араларында көзөмөл чараларын минималдаштырууга жана Бирликке мүчө мамлекеттердин транзиттик жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.