Жаңылыктар
Бишкекте журналист Болот Темировду колдоо митинги өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте журналист Болот Темировду колдоо митинги өттү

Борбор калаа Бишкекте журналист Болот Темировду колдоо митинги өттү. Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына бир катар журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер чогулуп, күн мурун милиция тарабынан кармалган журналистти бошотуу, ага тагылып жаткан айыптар шек туудурарын билдирип турушту. 

Чогулгандардын алдына Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сапарбек Аманкулов чыгып Болот Темировго козголгон кылмышынын тегерегиндеги жайгдайлар боюнча маалымат берип жана бир катар журналисттердин суроолоруна жооп берди.