Жаңылыктар
Бүгүн мусулман элинин Курман айт майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн мусулман элинин Курман айт майрамы

Бишкек шаарынын тургундары менен шаарга жакын жайгашкан жаңы конуштардын, айылдардын тургундары бүгүн Курман айт майрамынын башкы иш чарасы айт намазга чогулушту. Эртең менен борбор калаанын эски аянтында миңдеген мекендештерибиздин жамаат менен окулган жалпы намазы окулду. Намазга турган адамдар эски аянтка батпай, айланасындагы көчөлөргө чейин чыкканга туура келди.

Мусулман баласында курман айт өтө ыйык майрам. Бул күнгө мусулман баласы алдын ала ниет кылып, майрамга чейин тазаланып, жакшы маанай менен кайрымдуулук кылууну парз деп эсептешет. Ал эми “айт” деген сөз өзү араб тилинде “майрам” деген маанини туюндурат. Айт намазга келгендер саат 06.30дан тарта чогулуп, 07.30га чейин аалымдар дин, шарият боюнча насааттарды айтышты.



Намазга эл калың жамаат менен бирге жыгылып, жалпы мекендештерибизге каалоо-тилек айтуу үчүн бийлик мүчөлөрү да келди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз журтун куттуктап, президенттин кыргызстандыктарга болгон каалоосун окуп берди.
Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи жана бийлик мүчөлөрү ыйык тилек менен ажы сапарында жүргөн атуулдардын максаты орундалып, аман-эсен келишин тилешти. Андан сырткары Курман айт майрамындагы каалоолор кабыл болсун деп айтылды.

Аянтка ибадатка чогулган элди Бишкек мэри дагы куттуктады. Жакшы сөздөр айтылып бүткөн соң, бардыгы намазга даярданып кыркалекей болуп күн батышты карап тизилишти. Сааттын жебеси туура сегиз болгондо, сүрөө айтылып, намазга жыгылышып, куран окулду.

Баардык жөрөлгө аяктагандан кийин Эски аянтка келген миңдеген жарандар Курман айт майрамын белгилөө үчүн тарашты. Бүгүн, Курман-айт майрамында, кудурети жеткен адамдар курмандык чалышат. Колунда жок болсо шарт эмес. Мусулмандар айт күнү бири-бирин куттукташып, тууган-уруктун жагдайынан кабар алып, жакшы маанай менен жакындарына зыярат кылышат. Барган жеринен даам татып, шариятка шайкеш келген маанайда салтанат өткөрүшөт.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118