Жаңылыктар
Казакстанда "терроризмге" шектелип 464 киши камакка алынды
Дүйнө
Казакстанда "терроризмге" шектелип 464 киши камакка алынды

Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон 819 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. 

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчисинин орун басары Елдос Килымжанов билдиргендей, 45 иш "террордук актылар" боюнча тергелип жатса, 36 иш "массалык башаламандык", 15и адам өлтүрүү боюнча тергелүүдө. 

Мындан тышкары, каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана мамлекеттик кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча да кылмыш иштери ачылган. Өлкө бийлиги буга чейин "эл аралык террористтик топтордун кол салуулары" болгонун билдирген. 

Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иштерине шектелип жалпысынан 970 киши кармалган. Алардын көпчүлүгү — 464ү "терроризм" жана "массалык башаламандык" беренелери боюнча, 220дан ашууну уурулук, 60ы куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо, 40ка жакыны курал уурдоо, 25и бейбаштык, калганы талап-тоноо фактысына байланыштуу кармалган. Килымжанов бул сандар акыркы көрсөткүч эмес экенин, бир кылмыш иши боюнча бир нече киши кармалышы ыктымалдыгын кошумчалады. 

Соттор камактагы 29 адамга карата абакта калтыруу баш коргоо чарасын тандоодон баш тартты. Тергөө абактарын текшерүүдөн кийин "камакка негиз жок болгондуктан" 96 адам убактылуу кармоочу жайлардан чыгарылган.

"22-январда Башкы прокуратура тергөө абагына киргизилгендердин арасында денесинен жаракат алган 73 адам табылганын кабарлады. Алардын ичинен үчөөнүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү, азыр алар камакта эмес", - деди Килымжанов.