Жаңылыктар
CNN: АКШ ушул жумада Киевдеги дипломаттарын эвакуациялай башташы мүмкүн
Дүйнө
CNN: АКШ ушул жумада Киевдеги дипломаттарын эвакуациялай башташы мүмкүн

Орусия Украинага кол салуусу ыктымал деген кооптонуулардан улам ушул аптада АКШ Киевдеги элчилигинин айрым кызматкерлерин эвакуациялай башташы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык CNN телеканалы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, элчилик дипломаттардын жана экинчи маанидеги кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн Киевден чыгарып кетүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен Мамлекеттик департаментке кайрылган. Мындан тышкары Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлерин эвакуациялоо маселеси өткөн жумада Украинага барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен президент Владимир Зеленскийдин жолугушуусунда да талкууланган.

Азырынча АКШнын Украинадагы элчилиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин New York Times басылмасы жыл башында Орусия Украинадагы дипломатиялык кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн чыгарып кеткенин кабарлаган.

Былтыр күздөн бери ЖМКларда орус аскерлери Украинанын чек арасына жакын жерге жайгаша баштаганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат. АКШ менен Батыш өлкөлөрү Москва аскердик кол салууга камынып жатканын божомолдошууда. Кремль бул билдирүүлөрдү четке кагып, АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин, анын ичинде НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишин токтотууну талап кылууда.