Жаңылыктар
КТРКнын курамындагы "Ала-Тоо 24" каналы ачылды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын курамындагы "Ала-Тоо 24" каналы ачылды

Бүгүн КТРКнын курамында "Ала-Тоо 24" деп аталган жаңы канал ачылды. Ачылыш аземге министр  Президенттин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана медиа мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

Буга чейин көрүүчүлөрдү жаңылыктар менен камсыздап келген "Ала-Тоо" студиясы эми өз алдынча канал болуп, өлкө ичинде жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий, маданий, спорт жаңылыктарын кыргыз жана орус тилинде 24 саат бою ыкчам көрсөтүп турат.

Канал жайгаша турган КТРКнын мурдагы “Замана” студиясынын имараты толук оңдоодон өтүп, жаңы, заманбап техникалар менен камсыздалды. “Ала-Тоо 24” каналын ачуу үчүн КТРК каражатты үнөмдүү колдонуп, ички булактын эсебинен ачууда. 

Каналдын толук кандуу иштеп кетиши үчүн Коомдук каналдын ресурсу, техникасы, жана кадрлары жетиштүү. "Ала-Тоо 24" каналы бүгүн түштөн кийин эфирге толук кандуу чыга баштаарын эсиңиздерге сала кетели.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118