Жаңылыктар
Кант шаарында тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кант шаарында тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, эртең менен Кант шаарынын борборунда "Лексус 470" үлгүсүндөгү жана тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. 

Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, тез жардамдын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турган, бирок жолдун кеслишинен жол тандабас бет маңдайынан чыгып, унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган. Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, окуянын чоо-жайы такталууда.