Жаңылыктар
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду маданият тармагына 39 млн сом бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду маданият тармагына 39 млн сом бөлдү

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду былтыр маданият тармагына 39 млн сом бөлдү. Тоң районундагы Төрт-Күл айылында сметалык баасы 14 млн 933 миң сом маданият үйүнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди. 

Ушундай эле маданият үйүнүн курулушу Темир-Канат айылында башталды. Ал 17 млн 923 миң сомго бааланган. Балыкчы шаарында 4 млн 500 миң сомго маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов атындагы жаңы эс алуу паркы салынды. Ага 5 млн 686 миң сом жумшалды. Ошондой эле, Каракол шаарында Жусуп Абдрахмановдун жана Касым Тыныстановдун эстеликтерин жана айланасын оңдоого 1 млн 900 миң сом жүргүзүлдү. 

Пристань-Пржевальск айылындагы музейдин аймагында 3 млн 90 миң сомго жаңы эс алуучу жай уюштурулду. Ошондой эле, Түп районунун Тасма айылындагы маданият үйүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Каракол шаарындагы Касымаалы Жантөшев атындагы драма театрынын жана башка райондук маданият үйлөрүнүн материалдык-техникалык базалары чыңдалды. Мындан тышкары, облус боюнча 3 млн 900 миң сомго маданий иш-чаралар өткөрүлдү.