Жаңылыктар
Ардагер журналист, телерадионун отличниги Абдымомун Сатыбалдиев дүйнө салды
УТРК жаңылыктары
Ардагер журналист, телерадионун отличниги Абдымомун Сатыбалдиев дүйнө салды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы оор жоготууга учурады. Ардагер журналист, СССР журналисттер союзунун мүчөсү, телерадионун отличниги Сатыбалдиев Абдымомун Сатыбалдиевич 85 жашында дүйнө салды.

Абдымомун Сатыбалдиев 1937-жылы 31-майда Ош областынын Ноокен районундагы Шайдан айлында туулган. 1945-жылы Жаңы-Турмуш башталгыч мектебине 1-8 класска чейин окуп, 1952-1955-жылдары Ленин-Жолу орто мектебинен 10-классты аяктаган.

1955-1957-жылдары Ленин колхозунда иштейт.

1957-1962-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университеттин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө окуган.

1962-1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик телерадио комитетинде 36 жыл талбай иштеп келди.

Эмгек жолун балдар үчүн телекөрсөтүүлөрдү даярдоо менен баштаган. 1970-жылдан баштап радиодо Музыкалык Программалар Башкы Редакциясында улук редактор, башкы редактордун орун басары, комментаторлук кызматтарды аткарган.

Абдымомун Сатыбалдиев даярдаган “Бейпил түн”, “Ыр канатында”, “Көңүл ыргактары” уктуруулары маданиятка өчпөс из болуп, дагы деле угармандардын эсинде.

Кыргыз композитор - обончулардын, музыкант – ырчылардын, балет чеберлеринин, дирижёр-режиссёрлордун бейнелерин чагылдып, алардын чыгармачылыгын, аткаруучулук чеберчилигин таасын ачып келди. Алардын бир тобу Кыргыз радиосунун “Алтын казынасында” орун алган.

1972-жылы Бүткүл союздук телевидение жана радиоуктуруулардын Москвада жана Ташкенттеги филиалында үч айлык квалификацияны жогорулатуу курсунда окуган.

Тажрыйбалуу журналист 1977-жылы Улуу Октябрь революциясынын 60 жылдыгында СССР телерадиосунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1978-жылы “Ала-Тоо жазы” фестивалын эфирде мыкты чагылдыргандыгы үчүн алкыш, 1987-жылы 50 жаш кутман курагында Кыргыз ССР телерадиосунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Телерадионун отличниги.

Абдымомун Сатыбалдиев 1998-жылы Ардактуу эс алууга кетти.

Ардактуу кесиптешибиз, журналист Абдымомун Сатыбалдиевдин жаркын элеси эч качан унутулбайт. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

К.О. Иманалиев, К. Болотканов, У.А. Сатиев, А.Ы. Мусаев, Р.Р. Султанов, А.А. Алдашева,  Г.Б. Базаров, Т.Х. Жаманбаева, Б. Жайчиева, Б.М. Мамбетакунов,  Б. Мамытов, Г. Молдоева, С. Абдрахманова, А. Базаров,   Б. Тагаев, Ш. Керимбаев, Ш. Нурматова, Б.Ж. Сутенова, М.Ж. Мамбеталиев, Б.Т. Батаканова, Ж.К. Маматова, Т. Сыдыкбекова, Т. Чабдарова, К. Калилов, З.Б. Кайыпова, Г. Шакирова, К. Аманова, М. Токтогулов, Ш. Токтоналиев, К. Көкүлөв, Ж.Ы. Исакова, Р.Ж. Тилемишова, Ч.К. Итигулова жана башкалар.