Жаңылыктар
Чүй: суу чарба адистери кум-ташка толуп калган каналдарды өз нугуна келтирүү аракетин көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй: суу чарба адистери кум-ташка толуп калган каналдарды өз нугуна келтирүү аракетин көрүүдө

Кемин районундагы Жылтыр насостук станциясы мына бул Чу дарыясынан 84 метр бийиктике суу тартып алат дагы 500 гектар жерди суу менен камсыз кылат.

Ушул тапта Чүй облусунун суу чарба адистери кум-ташка толуп калган каналдарды өз нугуна келтирүү аракетин көрүүдө.

Суу ресурстары агенттиги өлкөдөгү ар бир районго сугат сууну ички чарбалык каналдарга чейин жеткирет. Калган жумушту жергиликтүү бийлик ишке ашырат.

Резервде турган агрегаттын иштен чыгышы секундасына көтөрүлүп чыккан суунун көлөмүн 40 пайызга чейин азайткан. Быйыл республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, жаңы агрегат коюлмай болду. Мындан башка насостун иштөөсүнө таасир этүүчү башка тетиктер жана эски жабдыктар жаңыртылат. Натыйжада көтөрүлүп чыккан суунун көлөмү секундасына 800 метр кубга чамалайт.
Кемин районундагы суу чарба башкармалыгына караштуу чарбалар аралык каналдардын узундугу 70 чакырымды түзөт. Анын дээрлик баары бетондолгондуктан «Калмак-Суу», «Истам», «Сарбос», «Чечей» каналдарын тазалоо иштери күзүндө эле бүткөрүлүп, каналдар сугатка даяр.