Жаңылыктар
Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 105 миллиард 714 миллион сомду түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 105 миллиард 714 миллион сомду түздү

Мамлекеттик салык кызматы былтыр аткарылган иштердин жыйынтыгы жана быйыл аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун айтымында, Мамлекеттик салык кызматы салыктар жана төлөмдөр боюнча планды дээрлик 9 миллиард сомго ашык аткарган. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 105 миллиард 714 миллион сомду түздү.

Мамлекеттик салык кызматынын 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча салыктын түшүүсү 2020-жылга салыштырмалуу 26 миллиард 700 миллион сомго көбөйдү. Өткөн жылдын пландык көрсөткүчтөрү салыктын бардык түрлөрү жана төлөмдөрү боюнча ашыра аткарылды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун айтымында, салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү, тактап айтканда, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн аркасында оң натыйжаларга жетишилди.