Жаңылыктар
Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды

Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул республикадагы 34-борбор. Ал документтерди берүүдө керектелчү бардык жабдуулар менен камсыздалган. Электрондук кезек жана байкоо жүргүзүү үчүн камералар коюлган. Эми чек арадагы 120 миңден ашык тургунга кызмат көрсөтүү жеңилдейт.

Санарип министрлиги “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Араван районунда заманбап, жаңы форматтагы калкты тейлөө борборун ачты.Бирок, борбор электр энергиясынын үзгүлтүккө учураганына байланыштуу, бул күнү кардарларды тейлей алган жок. Альтернативдүү генератор кеңсенин жарыгын гана жандырганга кубаты жетти. Келгендерге ооз эки кеп-кеңештер берилип турду.

Борбор 265 чарчы метрде жайгашкан. Күнүнө 150дөй жаранды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кеңсенин ишке кириши менен районго жакын жайгашкан Ош шаарындагы калкты тейлөө борборлорунда кезек күткөндөрдүн саны 30 пайызга кыскарат.Борбордо кайрылгандарга маалымат берүүдөн тартып, автоматташтырылган система менен электрондук кезекке туруу, санариптик сүрөткө тартуу, паспортко кабыл алуу, убактылуу жана туруктуу каттоого туруу кызматтары көрсөтүлөт. Транспорт каражатын каттоо, кайра каттоо жана айдоочулук күбөлүккө карата документтер даярдалат.