Жаңылыктар
Рио-де-Жанейродогу Паралимпиада оюндарында Эсен Калиев 5-орунду алды
Спорт
Рио-де-Жанейродогу Паралимпиада оюндарында Эсен Калиев 5-орунду алды

Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг боюнча 5-орунду алган кыргызстандык спортчу Эсен Калиевге бир миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет. 

Эске салсак, Өкмөттүн токтомуна ылайык, алтын медаль алган паралимпиадачы жети миллион сом алса, күмүш медалдын ээсине беш миллион сом каралган. Ал эми үчүнчү орунду алган спортчуга 3,5 миллион сом сыйлык берилет. 

Төртүнчү орунга — эки, бешинчи орунга — бир миллион, алтынчыга — 900 миң, жетинчиге — 800 миң жана жетинчи орунга — 700 миң сом бөлүнгөн. Паралимпиада оюндарында Калиев 54 килограмм салмактык категорияда мелдешке чыгып, 154 килограммдык штанганы көтөрдү. 

Ал эми жалпы жонунан Риого Кыргызстандан үч спортчу — пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетика боюнча Арстанбек Базаркулов барган. Паралимпиада оюндары — ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын спорттук мелдеши. Мында спорттун 22 түрү боюнча 528 топтом медаль ойнотулат



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118