Жаңылыктар
Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл
Саясат
Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө быйыл 30 жыл толот. Бул убакыт аралыгында тараптар дээрлик бардык багыттар боюнча кызматташууга жетишти. Эки өлкө өзгөчө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык алаканы арттыруу аркетинде болду.

1992-жылдын 12-марты Кыргызстан менен Индиянын тарыхындагы маанилүү дата. Бул күндөрү ошол кездеги Президент Индияга расмий иш сапары менен барып, визиттин алкагында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. Делегация менен кошо барган Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлү Евгений Каблуков иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер кызматташтыкка жол ачканын айтат.

Бүгүнкү күндө экономикалык кызматташуу жолго коюлган. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2020-жылы 48,5 млн. долларды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 7 жарым пайызга көбөйгөн. Бул өлкөнүн жалпы товар айлантуусунун 0,9 пайызын ээлейт.

Соода алаканы жогорулатуу үчүн 2019-жылы Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында атайын жол карта түзүлгөн. Ал документ 5 жылга багытталып, эки тараптын ишкерлеринин катышуусунда бизнес форумдар, жолугушуулар уюштурулуп келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Индия билим берүү чөйрөсүндө кенен кызматташып, өлкө аймагындагы жогорку окуу жайларда медиктер даярдалууда.

Индиялык студенттердин көптүгү Индияга караганда Кыргызстанда билим берүүнүн акысы бир топ төмөн болгонуна жана эки республиканын тыгыз кызматташуусуна байланыштуу. Аталган чөйрөдөн сырткары тараптар маданий багытта ири иш-чараларды уюштуруп келишет.