Жаңылыктар
Борбор Азия менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү арттыруу үчүн бири-бирине көмөктөшүүгө даяр
Саясат
Борбор Азия менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү арттыруу үчүн бири-бирине көмөктөшүүгө даяр

Борбор Азия менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү арттыруу үчүн бири-бирине көмөктөшүүгө даяр. Дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата саммитке катышкан өлкөлөрдүн президенттери тарабынан кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө көрсөтүлдү. Анда тараптар карым-катнаштын жаңы доору башталганын жарыялашып, келечекке карай өз ара алакалардын багыттарын белгилешти.

Жыл башында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Ушул эле мааракени Кытай Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен дагы белгилеп жатат. Буга байланыштуу “Борбор Азия - Кытай” онлайн-саммити өткөрүлүп, жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү кабыл алынды.


Мамлекет башчылар биргелешкен билдирүүдө өткөн мезгил аралыгындагы кызматташтыкты жыйынтыктап, Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин жаңы доору башталганын жарыялашты. Президенттер саясий, коопсуздук чөйрөлөрүндө кызматташууну колдоп, алты мамлекеттин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген байланышты өнүктүрүү ниеттерин белгилешти. Лидерлер өз өлкөлөрүндөгү, жалпы эле региондогу тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылууга багытталган Борбор Азия мамлекеттеринин күч-аракеттерин колдоого даяр.
 
Тараптар ШКУ менен бирге эле Ислам кызматташтык уюму, Экономикалык кызматташтык уюму жана башка эл аралык, аймактык уюмдардын региондун туруктуулугун, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мындан ары чыңдоодогу активдүү ролун жакташарын белгилешти. Мындан сырткары аталган өлкөлөр COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана эл аралык байланыштагы кызматташууну улантууга даяр. Саясат таануучулар белгилегендей, бул билдирүүлөр Борбор Азия менен Кытай мындан ары дагы бири-биринин кызыкчылыгын эске алуу менен кызматташа берерин көрсөтүп турат.