Жаңылыктар
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу "Бир алкак—бир жол" демилгесинин алкагында флагмандык долбоор
Саясат
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу "Бир алкак—бир жол" демилгесинин алкагында флагмандык долбоор

Кытай -  Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болуп, жергиликтүү коммуникация дараметин толук ачууга олуттуу кадам болушу керек. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ өткөн Кытай жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде билдирди.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу маселеси чейрек кылымдан бери айтылганы менен конкреттүү иш башталбай келет. Ортодо Орусия да кошулат делген маалыматтар чыккан. Азырынча бул боюнча такталган кабар жок. Бирок акыркы жылдарда Кыргызстан бул ири долбоорду ишке ашырууга ынтызарлыгын билдирүүдө. Президент Жапаров былтыр күздө өткөн ШКУнун саммитинде да өнөктөш мамлекеттерди аталган долбоорду аягына чыгарууга чакырган. Кечээ болсо Борбордук Азиядагы бешилтиктин президенттери жана Кытайдын лидери катышкан онлайн жыйында да бул маселени көтөрдү.
 
Аталган долбоор жалгыз эле Кытай менен Борбор Азияны эмес Европа менен Азияны бириктирген транзит болот деп пландалган. Кытайдан чыккан линия Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Түркияга, Европа, Иран жана Жакынкы Чыгыштагы башка мамлекеттердин темир жолдоруна кошулат. Мындай шартта Кыргызстан үчүн транспорттук туюктан чыгууга жол ачылып, темир жол аркылуу деңизге чыксак болот.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын темир жолдору аркылуу жылына эки млн. тоннанын айланасындагы жүк ташылат. Ал эми Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоору ишке ашып калса, биз аркылуу жылына кеминде 10 млн. тоннадай жүк ташылып турушу мүмкүн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өз аймагы аркылуу өткөргөн жүктөн эле жылына 200 миллион доллар табат деген божомол бар.

Өткөн жылы министрлер кабинетинин төрагасы парламентте маалымат берип жатып, акыркы маршруттардын бардыгы Кыргызстандын ичинде такталып бүткөндүгүн билдирген. Ага ылайык биздин аймактан өтө турганы 280 чакырым болуп, анын 57 чакырымы тоннель экендиги маалымдалган. Адистердин айтымында жакынкы күндөргө белгиленген президенттин Кытайга болгон иш сапарынын күн тартибинде бул маселе негизгилерден болуп каралышы мүмкүн.