Жаңылыктар
Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Узакка созулган аномалдуу кургактыктан жана жылуу аба ырайынан кийин 12-сентябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

12-14-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118