Жаңылыктар
БШК: Бишкектеги кайра шайлоого катышууга 60 адам арыз берди
Шайлоо 2023
БШК: Бишкектеги кайра шайлоого катышууга 60 адам арыз берди

Бишкектин кайра шайлоо өтчү бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыргандардын саны 60ка жетти. 

Алардын бардыгы өзүн-өзү көрсөтүшкөн. БШК алардын 18ин талапкер кылып каттады. Расмий катталгандардын аты-жөнү Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланды. Соңку күндөрү арыз тапшыргандардын арасында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясат таануучу Табылды Акеров, экс-депутат Евгения Строкова жана башкалар бар.

Боршайком 27-февралга дайындалган кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу бүгүн, саат 18.00дө аяктаарын эскертти. Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.