Жаңылыктар
Ленинград блокадасы: Окуялар эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ленинград блокадасы: Окуялар эскерилди

Баш калаада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди. Митинг-реквиемге Мамлекеттик катчы, Россия элчилигинин өкүлү, коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана калаа жетекчилиги катышты. 1944-жылы 27-январда cоветтик жоокерлер шаарды блокададан толук бошоткон. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн.