Жаңылыктар
ЖК: Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат
Саясат
ЖК: Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат

Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкуулана баштайт. Коомдук талкуу 10-сентябрда жыйынтыкталган. Бир айдан ашуун убакыт аралыгында саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активисттер баш мыйзамга байланыштуу өз пикирин айта алышты.

“Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып Өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет”. Конституциянын 87-беренесинин алгачкы пунктунда дал ушундай жазылган. Укук таануу илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев бул туура өзгөртүү экенин белгилейт.

Жаңы долбоордо өкмөт мүчөсүн кызматтан алуу тууралуу премьер-министрдин сунушу менен президент 5 жумушчу күндүн ичинде жарлык чыгарбаса, аткаруу бийлигинин башчысы фракция лидерлери менен кеңешип, өзүнүн чечими менен кызматтан бошотууга укуктуу экени да көрсөтүлгөн.

 

Ушул сыяктуу эле ченем бош орунга дайындоо тартибинде да белгиленген. Анда 5 эмес, 3 жумушчу күнү деп айтылат. Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул премьер-министрдин министрлерге карата таасирин арттырып, жалпысынан өкмөттүн күчтөнүүсүн шарттайт деп ишендирет.

Сунушталып жаткан долбоордун маңызы  министрлердин фракциялардан мурда аткаруу бийлигинин башчысына баш ийишине кепилдик берээрин айткандар арбын. Мындай пикирди мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов да карманат.

Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу өзгөртүүлөр жалгыз 87-беренеде гана эмес. Сунуштарга каршы болгон айрым күчтөр премьер-министрдин диктатурасы күчөйт деген жүйөөнү келтирүүдө. Конституцияны өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште 13-сентябрдан баштап талкууланары кабарланган.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”