Жаңылыктар
Тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди бузду
Чек ара
Тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди бузду

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирет.

2022-жылдын 27-январында саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу 10 мүнөткө токтогон.

Ок атышпоо маалында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевдин Тажикстандын Согди облусунун губернатору, ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган болчу.

Бирок, тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди кайрадан бузуп, кыргыз аскер кызматкерлеринин позицияларын аткылоону улантты.

2022-жылдын 28-январынын саат 00:20га карата, Кочо-Бою жана Дахма аймактарында эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат.

Маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы