Жаңылыктар
Баткен: жергиликтүү тургундарды эвакуация иштери жүрүүдө
Чек ара
Баткен: жергиликтүү тургундарды эвакуация иштери жүрүүдө

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде болгон куралдуу кагылыштан улам, Ак-Татыр а/а Орто-Боз айылынын тургундарын Баткен районунун Рават айылына көчүрүү иштери башталды. Ошондой эле, жергиликтүү калк Ак-Татыр а/а-нын Жака-Орук, Үч-Дөбө, Самаркандек а/а, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундарын жеке автоунаалар менен Баткен районунун Рават айылын көздөй эвакуациялоодо.

Баткен шаарындагы В.Ленин, Ж.Бөкөнбаев атындагы жана №3 мектептердин имараттары 300 орундуу жарандарды кабыл алууга даяр.

Лейлек району. Максат, Кулунду, Сада айылдарынын жергиликтүү тургундары жеке унаалар менен Лейлек районунун аймагында жашаган туугандарынын үйлөрүнө эвакуацияланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды кабыл алууга даярданууда. Эвакуациялоого 90дон ашык куткаруучу тартылган.

Баткен облусунун жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлдү.