Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: окуя кандайча башталган?
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: окуя кандайча башталган?

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын басма сөз кызматы жаңыртылган маалымат таратты:

Окуя кандайча башталган?

Кечки саат 17:50 чамасында таш жүктөлгөн унаалар менен жарандар Төрт -Көчө аймагына келишкен. Ал жерден Тажикстандын жарандары таштарды түшүрүп, Баткен-Исфана унаа жолун тосушкан. Аларды Тажикстан Республикасынын чек арачылары коштоп жүргөн. Эки республиканын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун натыйжасында унаа жолу каттам үчүн ачылган.

Атышуу кай жерде жана эмнеден улам башталган?

Маселе чечилгенине карабастан, тажик тарап чек аранын Чыр-Дөбө аймагындагы башка тилкесинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерине миномет жана гранатометтордон ок чыгарган.

Анын артынан тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында кыргыз аскер кызматкерлерине каршы курал колдонушкан.

Анын артынан тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында кыргыз аскер кызматкерлерине каршы курал колдонушкан.

Тажик аскерлеринин аракеттери жеринде, Согди облусунун губернатору тарабынан координацияланган, бул - провокацияга алдын ала даярдангандыгын тастыктайт.

Бул мыйзам бузуубу?

Чек ара аскерлеринин штаттык комплектине кирбеген минометторду колдонуусу, Тажикстан Республикасынын УКМКнын чек ара аскерлери Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат. Бул - мамлекеттер ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр линияларын жана чек ара заставаларын миномёттордон атууда.

Кыргыз тараптын ок атышпоо боюнча талаптары тажик аскерлери этибарга албай жатат.