Жаңылыктар
Чек ара чыры: түнкү саат 02:00дө Баткен облустук ооруканасына үч жабырлануучу жеткирилди
Чек ара
Чек ара чыры: түнкү саат 02:00дө Баткен облустук ооруканасына үч жабырлануучу жеткирилди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт:

Түнкү саат 02:00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына үч жабырлануучу тез жардам кызматы менен жеткирилген.

Диагнозу: экөөнүн денесинин ар кайсы жеринен майдаланган жарааттар, бирөө октон жаракат алган.

Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда жана алар тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпысынан 7 жабырлануучу жаткырылган.