Жаңылыктар
National Geographic журналы Ысык-Көлдү керемет деңиз катары тааныды
Туризм
National Geographic журналы Ысык-Көлдү керемет деңиз катары тааныды

Ысык-Көлдү National Geographic журналы жер жүзүндөгү керемет деңиз катары тааныды. 

Анын кооздугу, салкын таза абасы, суусунун тунуктугу, туристтердин кызыгуусун арттырган шарттарын жогору баалап, дүйнөдөгү мыкты деген он деңиздин катарына кошту. 

Мында жогорку баа жергебизге келе турган эс алуучулардын санын көбөйтөт дешет адистер. 

Ысык-Көл кыргыз бермети. Жыл өткөн сайын керемет көлүбүзгө келип эс алгандардын саны түмөндөп барат. Мезгилге жараша туристтерди кабыл ала турган курорт, пансионаттардагы шарттар заманбап эмеректер менен жабдылып, туристтердин татыктуу эс алусуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.