Жаңылыктар
Кыргыз - тажик чек арасында абал жөнгө салынууда
Чек ара
Кыргыз - тажик чек арасында абал жөнгө салынууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абалды туруктуу деп мүнөздөп жатат. 

"Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана "Головной" аймактарында абал туруктуу. Түн тынч өттү", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында. 

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. 

Соңку маалымат боюнча, кыргыз тараптан 11 адам жаракат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады. 

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Алар: атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү, Баткен – Исфана автожолун толук ачуу, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен - Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.