Жаңылыктар
Аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилет

Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндөгү өкмөттүн токтомуна кол коюлду. 

Келишимдин  милдеттери: аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек потенциалын жана мүлктүк потенциалын тартуу; аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумундагы жан бактылык себептерин төмөндөтүү болуп эсептелет. 

Кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугу үчүн социалдык коргоо адистери менен биргеликте социалдык келишимге катышууну каалаган ар-бир үй-бүлө үчүн социалдык адаптациялоо программасы иштелип чыгат. Аны ишке ашыруу процессинде долбоор катышуучуларын социалдык коргоо адистери жана мал өстүрүү, өсүмдүк өстүрүү боюнча эксперттер коштоп жүрөт.

Кадыр Калилов