Баткен облустук биргелешкен ооруканасында 11 аскер кызматкери дарыланууда.
Алардын бары кечээ кыргыз-тажик чек арасынын Төрт-Көчө аймагындагы куралдуу кол салуу учурунда жаракат алгандар.
Аларга тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, абалдары дарыгерлердин дыккат көзөмөлүндө.