Жаңылыктар
Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду
Чек ара
Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

27-январда саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатканда Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган. Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. 

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен. Бирок саат 19:30дар чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан. Кесепетинен жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707-аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана бир жаранга ок тийип, денелеринен алган жаракатынан улам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген. 

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси боюнча катталып, тергөө иштери башталды. Ал эми денесинен жаракат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.