Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда, - деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.
Төрага Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: "Урматтуу мекендештер! Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда.
Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекеттин туруктуулугу жана тынчтыгы баардыгынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун", - деген Төрага.