Жаңылыктар
Баткен: Көчүрүлгөн жарандар керектүү буюмдар менен камсыздалган
Чек ара
Баткен: Көчүрүлгөн жарандар керектүү буюмдар менен камсыздалган

Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу, чек арага жакын жайгашкан айылдардан убактылуу көчүрүлүп чыккан жарандар зарыл болгон буюмдар менен камсыз болду жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Баткен шаарында эвакуациялангандар үчүн убактылуу 6 пункт ачылды. 

ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда облус боюнча жалпы 24 237 жаран убактылуу көчүрүлгөн. ӨКМдин кампаларында негизги керектелүүчү буюмдар, тамак-аш жана суу тиешелүү көлөмдө. Өзгөчө кырдаалдар, күч органдары жана жергиликтүү бийлик тыгыз кызматташтыкта коомдук коопсуздукту камсыздоодо. 

Баткен облустук ооруканасы күчөтүлгөн иш тартибине өткөн, керектүү дары-дармектердин баары бар. Ал эми Кызыл жарым ай эл аралык уюму 450 литр күйүүчү май берген. Эвакуация иштеринде жөнөкөй тургундардын да жарандык жигердүүлүгү байкалууда. ӨКМ көп тармактуу "112" кыска номери күнү-түнү иштеп, баардык чалууларды кабыл аларын билдирет.