Жаңылыктар
Баткен: Чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу өттү
Чек ара
Баткен: Чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу өттү

28-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп барды. Делегация курамына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, чек ара кызматынын жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирди. Тажикстан тараптан дагы тиешелүү кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү, Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. 

Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар бир катар чечимдерди кабыл алышты. Алар, болуп өткөн окуяларды иликтөө үчүн бирге комиссия түзүп, окуянын келип чыгуу себебин аныктоо, көчүрүлгөн тургундары үйлөрүнө кайтаруу, аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара сызыгынан чыгаруу, бардык жол каттамдарын ачуу, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыздоо тууралуу макулдашышты. Ошондой эле мындан ары чек ара аймагында чыр-чатактын келип чыгуусун алдын алуу максатында эки тараптын бийлик органдары көзөмөлдү камсыз кылмай болду.