Жаңылыктар
Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилди
Чек ара
Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилди

Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилип, айыл тургундардын үйүнө электр энергиясы берилди. 

"Ошэлектр" ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган Орто-Боз аба чубалгыларын калыбына келтиришти. 

Эскерте кетсек, кечээ кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абалдын курчушунан улам, Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлгөн. Буга байланыштуу Ак-Сай, Актатыр, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары жарыксыз калган.