Жаңылыктар
Экономикалык мунапыс: 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө мамлекеттик бюджетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык мунапыс: 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө мамлекеттик бюджетке кайтарылды

Мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири - экономиканы өнүктүрүү, ички, тышкы инвесторлорду тартуу, ишкерликти колдоо болуп эсептелет. Президент тарабынан экономикалык мунапыс жарыяланган учурдан тартып 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө бюджеттин эсебине кайтарылган.

Экономиканы калыбына келтирүү, рейдерликке жол бербөө, бизнести колдоо, ички жана тышкы инвестицияларды сактоо мамлекет башчысы үчүн жыл ичиндеги негизги артыкчылыктуу багыттардан болду. Экономикалык мунапыс жарыялангандан берки убакытта 8 миллиард сомго жакын акча каражат жана мүлк түрүндө мамлекеттик бюджетке кайтарылды.
2021-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшүнүн реалдуу темпи ай сайын өсүү менен экономиканын акырындык менен калыбына келиши байкалат. Жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, салыштырмалуу терс динамиканын ажырымынын азайгандыгын көрсөтүүдө.

Казынага түшкөн каражаттын бир бөлүгү насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган. 

Мындай колдоо өлкө башчысынын тапшырмасы менен пандемия учурунда да көрсөтүлгөн.
Серепчилердин баамында коррупция менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы-экономикалык мунапыс жарыялангандан бери, мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү. Мыйзам баарына бирдей. Жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынып, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш ушул тапта да күчүндө.