Жаңылыктар
Футзал: Дүйшөмбүдө кыргыз кыз-келиндер командасы байге алышты
Спорт
Футзал: Дүйшөмбүдө кыргыз кыз-келиндер командасы байге алышты

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди.

CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 21-январда башталган. Мелдешке Иран, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы коло байгенин ээси болду. Биринчи орунду Ирандын, экинчи орунду Өзбекстандын кыз-келиндер курама командалары ээледи.