Жаңылыктар
Түркия менен Кыргызстан турак жай курууда кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Түркия менен Кыргызстан турак жай курууда кызматташат

Түркия менен Кыргызстан калктын социалдык аялуу катмары үчүн турак жай куруу жаатында кызматташат. 

Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана урбанизация министрлигинин алдындагы Массалык турак жай куруу башкармалыгынын вице-президенти Мустафа Левент Сунгур менен жолугушканда талкууланды. 

Тараптар калктын социалдык аялуу катмары үчүн турак жай куруу менен бирге, турак жай имараттарын куруунун долбоорлорун каржылоо моделдери жана технологиялары боюнча тажрыйба алмашууну макулдашышты.