Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 29-январда, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтөрүн биздин каналга билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүдө чек арадагы кырдаал талкууланат. Алимбаев учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин айтып, эвакуацияланган тургундарды кайра үйлөрүнө жеткирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.