Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, чек ара окуясынан жабыр тарткан аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Баткеноблустук биргелешкен ооруканасында ушул тапта, чек ара окуясынан денелерине ар түрдүү жаракат алган 13 аскер кызматкери дарыланууда.