Жаңылыктар
Балдарды эки тилде сүйлөткөн балдар бакчасы иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарды эки тилде сүйлөткөн балдар бакчасы иштөөдө

Балдарды эки тилде бирдей сүйлөтүүдө өзгөчө тажырыйбасы бар мектеп  жана анын алдында  балдар бакчасы да бар. Бул №1 Чыңгыз Айтматов  атындагы окуу-билим берүү комплекстик-лицейи,   Сокулуктун Новопавловка айылында.  Аны көп тилдүү билим- тарбия берген энелер үйү–деп аташат. Бул бакчада балдар  улутуна ким болбосун тарбиячылардын жардамы менен кыргыз жана орус тилинде  бирдей сүйлөй алышат. 

Сокулуктун  Новопавловка айылындагы №1 Чыңгыз Айтматов атындагы окуу-билим берүү комплекстик-лицейинде  азыр 4104 окуучу бар.  Бул мектепте окуу кыргыз жана орус  тилинде  жүргүзүлгөн класстар бар эле.                 2011–2012-окуу жылында   көп  тилдүү билим берүүнү баштаган, учурда мындай класстын саны 20 жетти.  Окуучулардын улуттук курамына  маани берсек, 60 пайызы кыргыз, 20 пайызы орус, 18 пайызы түрк жана калганы дуңган, корей, өзбек, татар болуп 20га жакын улуттун балдары билим алууда. 2010-жылы  ачылган энелер мектеби аталган бакчада да кыргыз жана орус тилинде тарбия берилүүдө.

Бул энелер үйү аталган бакчада бөбөктөрдүн 80 пайызы кыргыздар, алардын арасында орусча билбегендери, ошондой эле кыргызча билбеген кыргыздар  да бар. Ал эми 10 пайызы орус, 8 пайызы түрк, калганы башка улуттан . Окуу-тарбия иштери кыргыз-орус тилдеринде жүргүзүлөт. Бул жерде балдардын баскан-турган жеринде  илинип турган сүрөттөгү жазуулар толук эки тилде экен.

Сокулуктун  Новопавловка айылындагы №1 Чынгыз Айтматов атындагы окуу-билим берүү комплекстик-лицейинде кыргыз жана орус тилинде эркин сүйлөй алуусуна жетишкен тажрыйбаны баштаганына  алты жыл болду. Ал эми   2010-жылы 20-мартта ачылган энелер мектеби, көп тилдүү тарбия  берүүнү  бакчада жүзөгө ашыруу  максатында, кыргыз жана орус тилдүү  тарбиячылар ошол эле балдар менен иштей  башташты- дейт, жетекчиси Жибек Текенбаева.

Бул Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук  программасында белгиленгендей,   көп тилдүү жаңы муунду тарбиялоо мүдөөсүн иш  жүзүнө ийгиликтүү ашырган   учурдун айкын мисалы  десек болот.

Зинакан Кайыпова