Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы абал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт. Кечээ, 28-январда, болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган. Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатат. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы абалды көзөмөлдөп турат.