Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынын сүйлөшүүлөрү аяктады.
2:30 саатка созулган сүйлөшүүдө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кесиптеши Саймумин Ятимов менен 28-январда чек арада болгон чатактын себебин талкуулап, тез арада эки мамлекеттин ортосундагы делимитация жана деморкациялоо иштерин улантуу чечими кабыл алынганын Камчыбек Ташиев журналисттерге айтып берди. Чек ара маселеси боюнча жолугушуу Баткенде, Достук айылында өттү.