Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Татыр айыл аймагынын тургундары менен жолукту.
Ал өз сөзүндө эки тараптуу жолугушуунун мазмуну тууралуу кабарлап, 27-январдагы чек ара жаңжалын иликтөөчү биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, чек арага эки тараптан тең чогулган аскерлер кайтарылганын айтты.