Жаңылыктар
Стратегиялык кендер ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет
Экономика
Стратегиялык кендер  ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет

2021-жылы Кыргызстандын тарыхында алгач ирет "Кумтөр" ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилди. Бул аракеттердин натыйжасында компания өндүргөн бардык алтын республиканын аймагында жана анын менчигинде калууда. Стратегиялык "Андаш", "Талды-Булак", "Тоголок" жана башка кендер мындан ары карай ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет. Бул максатта "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" жана "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы негизделген. 

Министрлер Кабинетинин буйругу менен 100% мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторий алынып салынды. 

Жер казынасын пайдаланууда өз милдеттерин так аткарбаган пайдалануучулар тарабынан негизсиз кармалып жаткан лицензияларды кайтарып алуу максатында аларды сактап калуу үчүн төлөмдөр жогорулатылды. "Кумтөрдөн" тышкары, жер казынасын пайдалануучулардын рекультивациялоо фондунун каражаттары 340 млн сомго жакын 100% мамлекеттик үлүшү бар банктарда топтолот жана аларды банктар кайтарымдуулук негизде пайдалана алышат. 

Суу экосистемаларын сактоо, калыбына келтирүү жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында тоо-кен казып алуу тармагы үчүн жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн жаңы төлөмдөр бекитилди. Ал деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте жайгашкандыгына жараша 1 куб метр үчүн 60 сомдон 100 сомго чейин.