Жаңылыктар
Маданият министрлигине Казаковдун талапкерлиги жактырылды
Маданият
Маданият министрлигине Казаковдун талапкерлиги жактырылды

Маданият министрлигине Түгөлбай Казаковдун талапкерлиги жактырылды. 

Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айкын болду. 

Эске салсак, 27-июлда президенттин буйругу менен Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кызматтан бошотулган. Анын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Түгөлбай Казаков дайындалган. 

Кошумчалай кетсек, Түгөлбай Казаков коомдук ишмер, композитор жана публицист.